ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ЫКЧАМ ХИРУРГИЯ

 

Ыкчам хирургия дарыгерлерди даярдоо системасында абдан олуттуу мааниге ээ. Окуу планында анын практикалык зарылдыгын теоретикалык жана практикалык дисциплиналарынын кошулушунда байкалат. Ыкчам хирургияны окутуу клиникалык мекемелерге анатомиялык маалыматтарга муктаждыгын үзгүлтүксүз канагаттандырууга, ѳзгѳчѳ медицинанын клиникалык бѳлүмдѳрүнүн катышына байланыштуу жүргүзүлѳт. Ыкчам хирургия баарыдан мурда, прикладдык анатомдук- хирургиялык дисциплина катары каралат.

 

Студенттер ыкчам хирургияны окууда жѳнѳкѳй кийлигишүү жана чара кѳрүү кѳндүмдѳрүн: алардын катарында, мисалы, жаракаттарды биринчи хирургиялык дарылоо, канды токтотуу, муунду тешүү, кѳңдѳйдүн чел кабыгын, ичеги тигиштерин коюу сыяктуу аткарууларга ээ болушат.

 

Жалпы түйшүгү: 2 кредит (72 саат)

Аудитордук сабактар : 40 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши:32 саат