Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ПУЛЬМОНОЛОГИЯ

 

"Пульмонология" курсу ЭАЖММынын жогорку курстарынын (3 жыл окутулат) студенттерине милдеттүү түрдѳ окуу каралган. Баштапкы курстарда студенттер клиникалык дисциплиналарды үйрѳнүүгѳ зарыл болгон базалык билимдерди алышты. Анатомияны жана патологиялык анатомияны, физиологияны жана патологиялык физиологияны, фармакологияны, пропедевтикалык терапияны, медициналык коммуникациянын негиздерин жана деонтологияны ж.б. билүү дарттардын маңызын түшүнүүгѳ негиз болуп, ички ооруларды аныктоого, алдын-алууга жана дарылоого кызмат кылат.

 

Дем алуу органдарынын дарты – ички дарттардын эң бир олуттуу бѳлүгү. Бронхиалдык астма – ѳпкѳнүн кеңири тараган жана олуттуу дартынан. Улгайгандардын саламаттыгынын операциядан кийинки татаалдашуусунун негизинде ѳлүмдүн кѳп болушуна нозокомиалдык пневмония себепкер болууда.

 

Бул курстун алкагында студенттер аныктоону, оор пневманияны алдын-алууну жана дарылоону, бронхиалдык астманы, оор жана ѳнѳкѳт бронхитти, бронхоэктатикалык дарттарды, жүрѳктүн ѳнѳкѳт ѳпкѳ дарттары жана плеврит боюнча билим жана практикалык кѳндүмдѳрдү алуусу милдеттүү.

 

Ѳзгѳчѳ кѳңүл божомолдоого жана татаал пневмонияга жана татаал бронхитти дарылоого бурулат. Бул ахыбалды ѳз убагында жана майнаптуу дарылоо аракети ѳнѳкѳт бронхитти жана ѳпкѳ жетишсиздигин алдын-алуунун бирден-бир майнаптуу чара кѳрүүсү болуп саналат. Бронхиалдык астма – заманбап медицинанын башкы бир татаал кѳйгѳйлѳрүнѳн болууда.

 

Бул маселелер боюнча студенттердин билими эл аралык талаптарга туура келиши керек: стандарттуу этаптарына ылайык дарылоону жана бронхиалдык астма кармаганда токтотууну.

 

Студенттер бул курстун алкагына ылайык этиология боюнча, сыркоонун дем алуу органдарынын конкреттүү патологиясы боюнча клиникалык текшерүүнү жана ошондой эле текшерүүнүн мерчемин койгонду жана божомолдоонун лаборатордук усулдарын жана функционалдык интерпретациялоо боюнча билим алышы зарыл.

 

Студенттер клиникалык аныктоонун кѳндүмдѳрүн алышат. Ѳпкѳнүн дартынын патогенезин билүү комплекстүү дарылоо жүргүзүүгѳ мүмкүндүк берет.

 

Ѳзгѳчѳ кѳңүл бронхообструктивдик синдромду дарылоодо бронходилататорлорду, кортикостероиддорду коопсуз жана рационалдуу колдонуу каралаган.

 

Ѳпкѳ оорууларын аныктоо жана дарылоо боюнча алган билимдери жана практикалык кѳндүмдѳрү, бул дарттардын биринчи жана экинчи этабын алдын-алууга негиз болуп берет.

 

Жалпы түйшүгү: 2,5 кредит (90 саат)

Аудитордук сабактар: 36 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 54 саат

Семестр: 6 саат

Текшерүү жыйынты: экзамен