ISM

ЭАЖММ

Байланыш

КАРДИОЛОГИЯ

 

Перспективалуу адистиктеринин тизмесинде ѳзгѳчѳ орунда саламаттыкты сактоо жана медицина чѳйрѳсү кирет. Бул чѳйрѳ коомчулуктун тиричилик муктаждыгына жооп берүү менен адамзатынын андан ары ѳнүгүшүндѳ негизги ролду ойнойт. Бир дагы коомчулук медициналык тейлѳѳ тутумусуз жашай албайт жана андагы адамдар абдан талап кылынат.

 

Бул саламаттыкты сактоо жана медицина чѳлкѳмүндѳгү адистерге болгон сурам азыркы күндѳ эч кандай күмѳнсүүнү жаратпасын күбѳлѳндүрѳт. Заманбап медицина - бул динамикалуу ѳнүгүүдѳгү, адам ишмердүүлүгүнүн жогорку технологиялуу тармагы. Маалыматтык технологияларды жана илимий-техникалык прогресстердин жыйынтыктарын медициналык практикага жана илимге киргизүү, бүгүнкү күндѳ атайын даярдалган адистери жок эч мүмкүн эмес.

 

Салттуу медициналык билим берүү тутуму биздин ѳлкѳдѳ ийгиликтүү ѳнүгүүдѳ жана акыркы жылдары Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде медициналык кадрларга болгон туруктуу талап байкалууда. Биздин мамлекеттин медициналык ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлѳрү Индияда, Пакистанда, Германияда, Англияда жана башка мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатышат. Бул ѳлкѳлѳрдүн биздин бүтүрүүчүлѳргѳ болгон туруктуу кызыкчылык жана ѳсүп жаткан талап аныктап турат. Ошондуктан жаңы
ишмердүүлүгүн баштаган дарыгерге да жумуш табуу жеңил. Дагы бир медициналык профессиянын артыкчылыгы Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде гана иштешпестен, дарыгердин кесиби жогору бааланган, мисалы АКШ, Великобритания жана Германия сыяктуу ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ да иштѳѳгѳ мүмкүнчүлүк бар. Ошентип, медициналык адистиктин беш артыкчылыгын кѳрѳлү: биринчи - ѳзүн табууга чоң мүмкүнчүлүктѳр менен кызыктуу иш; экинчи - жогорку эмгек акы; үчүнчү - каалаган мамлекетте иштѳѳ мүмкүнчүлүгү; бешинчи - ырасында керек адам болуу, адамдарга жардам берүү жана муну түшүнүү абдан олуттуу.

 

Ички оорулардын негизги жана татаал бѳлүгү кардиология болуп саналат. Жүрѳк-кантамыр тутумунун ооруусу калктын орто жаштагыларынын алдыңкы ѳлүмгѳ алып келген себептеринен. Ишемиялык жүрѳк оорусу, курч миокарда инфаркты, гипертоникалык ооруулары медицинанын негизги кѳйгѳйлѳрүнѳн болууда. Ошондуктан кѳп тараган кардиологиялык ооруулардын, биринчи алдын-алуу, ѳз убагында аныктоо жана адекваттуу дарылоо жалпы практика дарыгеринин, терапевтин жана кардиологдун негизги тапшырмасы болуп саналат. Бул курстун алкагында студенттер аныктоо боюнча, жүрѳк-кантамыр тутумунун (ССС) кѳп тараган оорууларын: алдын-алууну жана дарылоону, жүрѳктүн ишемиялык ооруулары (ИБС), стенокардия, курч миокарда инфаркты (ОИМ), ОИМ татаалдашуусу, артериалдык гипертензия, экинчи артериалдык гипертензия, тубаса жана кабылданган жүрѳк кемтиги, миокардит, кардиомиопатия, перикардит, жүрѳктүн ритминин жана ѳткѳргѳчтүгүнүн бузулушу жана жүрѳк жетишпесиздиги боюнча билим жана практикалык кѳндүмдѳрдү алышат.

 

Ѳзгѳчѳ кѳңүл кѳзѳмѳлдѳнгѳн факторлорго тобокел ѳѳрчүдѳгү ишемиялык жүрѳк ооруусуна, артериалдык гипертензияга, алгачкы жана экинчи жолку ревматизмди алдын-алууга, андан сырткары заманбап усулдар менен курч коронардык синдромду жана жүрѳк жетишсиздигин дарылоого бурулат. Электрокардиография (ЭКГ) жүрѳктүн мүмкүн болгон жана маалыматташтырылган изилдѳѳ усулу болуп саналат. Кайсы гана дарыгер болбосун ЭКГ чечмелѳѳнү билиши милдеттүү. Студент жүрѳктүн ар кандай патологиясында ЭКГ интерпретациялоо боюнча зарыл болгон керектүү билим жана кѳндүмдѳрдү алышат жана бул алган билимдерин жана кѳндүмдѳрүн клиникалык практикада колдонушат. Заманбап кардиологияда перспективалуу багыт эндоваскулярдык усул менен ишемиялык жүрѳк оорууларын дарылоо – реперфузиондук усулдар бул туруксуз стенокардия, эрте ОИМ стадиясында стентировкалоо, баллонировкалоону колдонуу. Ѳз убагында жүрѳк жетишсиздиги жана ишемиялык жүрѳк ооруулуу бейтаптарды хирургиялык дарылоого жѳнѳтүү чоң клиникалык мааниге ээ. Студенттер бул оорууларды терапевтикалык жана хирургиялык дарылоо мүмкүнчүлүктѳрү боюнча билим алышат. ССС патологиясынын тиги же бул жаратылышын билүү алгачкы жана экинчи жолку ооруунун алдын-алуунун негизи болот. Заманбап медициналык практика ички органдардын ар кандай оорууларын алдын-алууну жана рационалдуу дарылоону, эрте табуунун татаал суроолорун чече алган,  квалификацияланган дарыгерлердин даярдыгын талап кылат.

 

Терапевтикалык дисциплина кафедрасында окутулган клиникалык медицинанын негизин билүү бардык адистиктер боюнча дарыгерлерди даярдоодо олуттуу мааниге ээ. Дисциплинаны окууда клиникалык ойлонуу түзулүп, дарыгерлик этиканын жана деонтологиянын негиздери жаралып, дарылоону дайындап жатканда чечим чыгарганды, ѳмүргѳ кооптуу учурда кечиктирилгис жардам берүү түзүлѳт. Мунун бардыгы келечектеги адиске, анын алдыдагы иштѳѳ сферасына карабастан зарыл. Ички оорууларды билүү студенттерди сыркоолордун кесиптик ооруларын жана дарылоо боюнча рекомендацияларды негиздегенди билишет, алдын-алууга жана эмгек жарамдуулугун андап-билүүгѳ үйрѳтѳт.

 

Жалпы түйшүгү: 3 кредит (108 саат)

Аудитордук сабактар : 86 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 22 саат

Семестр :6 саат

Жыйынтык текшерүү: экзамен