ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

РЕВМАТОЛОГИЯ

 

"Ревматология" курсу кийинки жылдарында (3 курста) ЭАЖММда милдеттүү окутулуучу жана ички ооруулардын олуттуу бѳлүгү болуп саналат. Баштапкы курстарда (окуу жылдарында) студенттер базалык билим алышат, тактап айтканда анатомия жана патологиялык анатомия, физиология жана патологиялык физиология, фармакология, пропедевтикалык терапия, медициналык коммуникациянын негиздери жана деонтология ж.б. курстары боюнча жетишээрлик билим алуу менен клиникалык дисциплиналарды окууга даяр болушат.

 

Муундардын ооруусу (деформацияланган остеоартрит жана жаш курагында майыптуулук (ревматоид артрити, ревматоид калтыратмасы, жүрѳк жетишсиздиги) медициналык жардамга кайрылышкандардын арасында кеңири тараган дарттардан. Бул курстун алкагында студенттер муун оорууларынын кеңири тараган түрлѳрүн аныктоо боюнча, алдын-алууну жана дарылоону: ревматизм, ревматоид полиартрити, деформацияланган остеоартрит (ДОА), ревматоид артрити (РА), подагралар жана бириктиргич ткандардын (коллагендер) ооруулар тутуму боюнча билим жана практикалык кѳндүмдѳрдү алышат. Муун синдрому бириктиргич ткань тутумунун ооруулары жана башка ооруулардын кѳрүнүшү болушу мүмкүн. Ошондуктан конкреттүү муун патологиясын аныктоодо, аныктоо критерийлерин, далилдүү медицинанын принциптерин колдонуу чоң мааниге ээ. Дифференциалдык аныктоо жана ѳз убагындагы адекваттуу терапия жайлуу аныктоого кѳп учурда шарт түзѳт.

 

Аныктоо жана дифференциалдык аныктоого карата коллагеноздор терапиянын бирден-бир эң татаал бѳлүгү болуп саналат. Коллагеноздордун кээ бир формаларын аныктоо критерийлерин билүү, бул оорууларды верификациялоонун зарыл шарты болуп саналат. Коллагеноздордун кээ бир формаларынын жалпы принциптерин жана дарылоонун ѳзгѳчѳлүгүн билүү тутумдук оорууларды ийгиликтүү дарылоонун негизи болот. Аутоиммундук оорууларды дарылоонун негиздерин билүү билиш керек. Студенттерди сезгенүүгѳ каршы нестероиддик препараттар жана кортикостероиддерди рационалдуу жана коопсуз колдонууга үйрѳтүү бул курстун милдеттеринин бири болуп саналат. Алган билимдери жана практикалык кѳндүмдѳрү ревматологиялык оорууларды аныктоодо жана дарылоодо, кокустук факторлорун табуусу, бул ооруулардын алгачкы жана экинчи этабындагы алдын-алуунун негизи болот.

 

Жалпы түйшүгү: 2 кредит (36 саат)

Аудитордук сабактар: 32 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 40 саат

Семестр: 6 саат

Жыйынтык текшерүү: экзамен