Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ГЕМАТОЛОГИЯ

 

«Гематология»  курсу милдеттүү жана ички ооруулар бѳлүгүнүн эң бир олуттуусу болуп саналат. Мурунку курстарда студенттер пропедевтикалык терапия, патологиялык физиология, патологиялык анатомия, фармакология, пропедевтикалык терапия, дарыгерлик коммуникациянын негиздери жана деонтология курстарын ѳтүшкѳн. Демек, студенттер ички ооруулардын жеке патологиясын окуу үчүн жетиштүү базалык билимдерге ээ.

 

Кандын ооруусу билгендей эле анын тутумунун ѳзгѳрүшү менен пайда болот. Эстешибиз керек, кан бул – болгону чучук жилиги башкаруу менен кан айландыруучу органда жүрүп жаткан процессти чагылдырган күзгү. Кан тутумунун ѳзгѳрүшү ѳзүнүн кан айландыруучу органдарынын оорусу менен шарталышы мүмкүн, ошондой эле реактивдүү мүнѳздѳ, тактап айтканда ар кандай органдардын жана тутумдарында пайда болгон кандын башка патологиялык процесстеринин негизинде болушу менен да шартталат.

 

Периферикалык кандын тутумунун кадимкидей эле түзүлүш механизмдерин жана патологиялык ѳзгѳрүшүнүн себептерин бардык адистиктин дарыгерлери түшүнүүлѳрү зарыл. Бейтаптарды стандарттуу текшерүүдѳ кандын клиникалык анализи медициналык жардам берүүнүн бардык этаптарында жүргүзүлѳт. Дарыгердин базалык кѳндүмүнѳ кандын анализи боюнча туура корутунду чыгаруу, зарыл болсо жана кандын тутумундагы патологиялык ѳзгѳрүүлѳрдү байкаса, бейтапка кошумча текшерүүлѳрдү дайындоо жана сунуштарды берүү болуп саналат. Демек, ѳз убагында кандын дарттарын аныктоо, тактоо менен адекваттуу дарылоо чоң мааниге ээ.

 

Бул курстун алкагында студенттер кандын кеңири тараган негизги оорууларын аныктоону жана алдын-алууну, дарылоо боюнча билим жана практикалык кѳндүмдѳргѳ ээ болушат. Гематология ички медицинанын бир бѳлүгү катары чоң мааниге ээ. Дайыма аны окууда студенттерге кыйынчылык жаратат. Бул бир жагынан салыштырмалуу кээ бир кандын оорууларынын аздыгы, экинчи жагынан лабораториялык аныктоонун параметрлерин жана усулдарын жана кѳптѳгѳн терминдерди түшүнүү жана эстеп калуу зарылдыгы менен шартталган. Ички медицинанын бѳлүктѳрүнѳн, фундаменталдуу табигый илимдер дисциплиналары менен гематология кѳбүнчѳ анатомия, физиология, патофизиология дисциплиналары менен абдан тыгыз байланышта болушат.

 

Муну менен «Гематология» курсу ошондой эле башка дисциплиналардан алган билимдеринин (интегративдик билимдер) бекемделишин шарттайт. Студенттерди окутуу алган билимдеринин анализдѳѳ жѳндѳмүн жана аны кан оорусу менен ооруган бейтаптардын кѳйгѳйүн чечүүдѳ колдонуусу дарыгердин практикалык ишинде зарыл болгон жѳндѳмдү, студенттердин клиникалык ойлонуусун шарттайт.

 

Жалпы түйшүгү: 2 кредит (72 саат)

Аудитордук сабактар: 40 саат

Студенттердин ѳз алдын иши: 32 саат

Семестр: 6 саат

Жыйынтык текшерүү: экзамен