ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

НЕГИЗГИ ФАРМАКОЛОГИЯ

Дарыгерди даярдоонун заманбап системасында, анын ичинде «Жалпы медицина» адистиги боюнча, негизги фармакология медициналык билимдин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Негизги фармакология дарылардын адам организми менен өз ара аракеттенүүсүн, жалпы закон ченемдүүлүктөрүн, топтордун жана жеке фармакологиялык препараттардын фармакокинетикалык жана фармакодинамикалык касиеттеринин өзгөчөлүктөрүн, кошумча таасирлерин, колдонууга көрсөткүчтөрүн жана каршы көрсөтмөлөрүн изилдейт. Академиялык дисциплина катары негизги фармакология студенттерде алардын фармакологиялык активдүүлүгүн аныктоочу дарылык заттардын негизги касиеттери, ооруларды дарылоо, алдын алуу же диагностикалоо үчүн дары-дармек каражаттарын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз колдонуунун принциптери жана эрежелери жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандырат.

  • Жалпы түйшүгү: 10 кредит (360 саат)
  • Аудитордук сабактар: 180 саат
  • Студенттин өз алдынча иши: 180 саат
  • Семестр: 3, 4
  • Жыйынтык кѳзѳмѳл: экзамен