СТОМАТОЛОГИЯ
Бул программа жогорку медициналык окуу жайдын студенттерине негизделген. Ооз кѳңдѳйүнүн ткандарынын жана органдардын жогорку жыштыкта жабыркашы кѳп учурда анын түзүлүшүнүн ѳзгѳчѳлүгүндѳ жана функциясында болуп, сырткы чѳйрѳ менен дайыма байланышы, микрофлоралардын болушу, ар кандай жүктѳмдѳрдүн түрлѳрү ж.б. Миңдеген жылдар бою бейтаптарга жабыркаган тиштерине жана жок тиштерге болгон жардам берүү аракеттери жасалып келсе дагы, стоматология илим катары ошондой эле стоматологиялык жардам кѳрсѳтүү, медицинанын жаш тармагы болуп саналат.
Клиниканы билүү, аныктоолор, стоматологиялык оорулардын дифференциалдык аныктоолору жалпы практика дарыгеринин билим алуусунда олуттуу мааниге ээ. Стоматологиялык оорулардын алдын-алуу клиникалык стоматологиянын суроолорунда ар кандай адистиктин күнүмдүк практикасында маанилүү жана анатомия жана физиология жаатында - ченемдүү жана патологиялык, фармакологиянын, микробиологиянын, аллергологиянын, жалпы терапиянын жана хирургиялык билимди талап кылат.
Стоматологиянын жана жаак-бет хирургиясынын негиздерин окуу «Жалпы медицина» адистигинин 7 семестринде жүргүзүлѳт. Бул стоматологиялык адистиктин ѳзгѳчѳлүгүн, эки адистиктин ѳз ара кесилишинин суроолорун, бардыгынан мурда негизги адистиги боюнча алган билимдеринен кийин негизги кѳйгѳйлѳрдү түшүнүү жүргүзүлѳт. Амбулатордук стоматологияны жана жаак-бет хирургиясынын негиздерин окуунун астында студент медициналык факультеттин бардык негизги предметтери боюнча билимге ээ болушу керек: анатомия, физиология, гистология, микробиология, медициналык химия, фармакология, пропедевтикалык терапия, хирургия, анестезиология жана реаниматология. Программа клиниканын маанилүү аспектилерин заманбап аныктоонун усулдарын, стоматологиялык оорулардын алдын-алууну жана дарылоону үйрѳнүүгѳ мүмкүнчүлүк берет.
Практикалык сабактарда изилдѳѳнүн кѳндүмдѳрүн ѳѳрчүтүүгѳ, клиникалык аныктоону табуу билгичтигине жана ылайыктуу дарылоону дайындоого ѳзгѳчѳ кѳнүл бурулат. «Стоматология» курсун үйрѳнүүдѳ негизги усулдарды колдонуп, окутуу каралган: студенттер дарстарда жана практикалык сабактарда иштешет, кѳрсѳтмѳ куралдар менен иш алып барышат, бейтаптардын ар кандай симптомдору жана синдромдору менен изилдешет, оорунун тарыхын коргошот, курстун кайсы бир бѳлүмдѳрүн маалымдама жана монографиялар боюнча тереңдеп окушат.
Окуу планына ылайык жалпы медицина факультетинин студенттерине стоматология курсу 18 саат кѳлѳмдѳгү аудитордук дарс окуу, 18 саат практикалык сабактар жана 36 саат студенттердин ѳз алдынча иши (СИВ) каралган.
Жалпы түйшүгү: 2 кредит (72 саат)
Аудитордук сабактар: 36 саат
Студенттердин ѳз алдынча иши: 36 саат
Семестр: 8 саат
Жыйынтык текшерүү: зачет