ISM

ЭАЖММ

Байланыш

ФТИЗИОПУЛЬМОНОЛОГИЯ

 

Туберкулез кѳйгѳйүнүн актуалдуулугу дүйнѳ жүзүндѳ ѳтѳ эле жогору. БДСУнун маалыматы боюнча жер планетасынын калкынын 1/3 бѳлүгү туберкулездун микобактерияларын жуктургандар жана дүйнѳ жүзүндѳ 16-20 миллион бейтап туберкулездун активдүү формасы менен жабыркашат.

 

Ошону менен катар ар бир 4 секунд сайын бир адам жуктурат, ал эми 10 секунд сайын дүйнѳ жүзүндѳ бир адам каза болуп турат. Акыркы жылдары жалпы ооруугандарын саны бир канча азайып, бирок, ѳлүмгѳ алып келүүчү жана айыкпаган формалары ѳстү. Бул туберкулез жана КИТВ/СПИДдин коинфекциясы менен байланыштуу, ошондой эле туберкулезго каршы
препараттарга дарыга туруктуу козгогучтардын пайда болушу менен шартталат. Эгерде дарыга туруктуу туберкулез кѳзѳмѳлдѳн чыгып кетсе, адамзатка аба аркылуу берилүүчү, ѳлүмгѳ алып келүүчү оору коркунучу күтүп турат. БДСУ туберкулез (ТБ/КИТВ коинфекциясын кошуу менен) коомчулуктун бардык катмарын, ар бир улутту, жааматты, үй-бүлѳнү, ар кандай адамга таасир берүүчү ааламдашкан кѳйгѳй деп жарыялады.

 

Муну менен дүйнѳнүн бардык ѳлкѳлѳрүндѳ (туберкулездун 40% оорчулугу туура келген кѳбүнчѳ БДСУ Түштүк-чыгыш Азия чѳлкѳмүндѳгү ѳлкѳлѳрдѳ) фтизиопульмонология жаатындагы квалификацияланган адистерге болгон талап күмѳнсүүнү жаратпайт. Ошондуктан фтизиопульмонологияны билүүгѳ фтизиатр, пульмонологдор гана муктаж болбостон, биринчи медициналык-санитардык жардам дарыгерлерине, жана башка медицина жаатындагы ар кандай профилдеги адистердин да билүүсү зарыл.

 

Жумушчу билим берүү программасынын мазмуну, жакынкы 5 жыл аралыктагы фтизиатриялык илимге жана практикага байланышкан заманбап дисциплиналардын абалына, качан студенттер ѳз алдынча медициналык ишмердүүлүгүн баштаган учурга туура келет. Муну менен катар студенттер окуусун улантышкан кафедралардын суроо-талаптары да каралат.

 

Программа БДСУнун туберкулез боюнча жана далилдүү медицинанын принциптеринин негизги документтерине негизделген. Фтизиопульмонология курсу окуу планына ылайык студенттерге 18 саат кѳлѳмүндѳ дарс окулуп, 54 саат практикалык сабактар жана 72 саат студенттердин ѳз алдынча иши каралган.

 

Жалпы түйшүгү: 4 кредит (144 саат)

Аудитордук сабактар: 72 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 72 саат

Семестр: 8 саат

Жыйынтык текшерүү: зачет