ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

АНЕСТЕЗИОЛОГИЯ, РЕАНИМАЦИЯ ЖАНА УРГААЛДУУ ТЕРАПИЯ

 

Анестезиология жана ургаалдуу терапия хирургиялык жана терапевтик жана башка клиникаларда медициналык илимдин бир аталыштагы багытынын кѳмѳкчү бѳлүгү катары пайда болгон. Бүгүнкү күндѳ алар ѳзүнүн татыктуу теоретикалык базасына ээ болушту. Ошону менен катар оригиналдуу изилдѳѳлѳр жана дарылоолор медицинанын башка областарына - педиатрияга, неврологияга, инфекциялык клиникага, неонатологияга ж.б. ыкчам киргизиле баштады.

 

Себеби, кайсы патология болбосун кайсы бир ѳѳрчүү убагында реаниматологдун ишмердүүлүгүнүн объектиси болушу мүмкүн. Качан дарт ѳтѳ маанилүү функцияларда жасалма алмаштырууну талап кылбаган учурда, ал кѳбүнчѳ терапевтин, хирургдун ж.б. ушул адистиктердин компетециясы болуу менен, дарттын этимологиясына жана патогенезине ылайыктуу тиешелүү чараларды кѳрүшѳт. Бирок, ар кандай себептерге жараша, тактап айтканда организмдин реактивинин кемчиликтүүлүгү, патологиянын ээрчишүүсү, ѳтѳ чоң залал, ички факторлор менен же заманбап медицинанын агрессивдүү усулдары менен шартталып, кайсы гана оору болбосун бир учурда бир же бир нече ѳтѳ маанилүү функцияларды жасалма алмаштырууну талап кылган стадия пайда болушу мүмкүн. Бул стадия кооптуу же терминалдык абал деп аталып, ал эми ѳтѳ маанилүү функцияларды жасалма алмаштыруу аракеттери ургаалдуу терапия деп аталат. Бул мамиледен алып караганда, анестезиология, анестезия учурунда организмдин функцияларын башкарууда олутту роль ойноп, кѳзѳмѳлдѳнгѳн ахыбалды, хирургиялык кийлигишүү учурунда анальгезия менен катар камсыздоо зарыл.

 

Студенттерге алган билимдеринин негизинде терминалдык абалдын негиздерин кароо сунушталат, анда ар бир дарыгердин практикасында кезиктирилүүчү божомолдун усулдары, дифференциалдык божомолдору дарылоо, бейтапты кароодогу бардык этабындагы шашылыш жардамдар каралат. Анестезиологиянын негизи анестезиянын жана оорутпоо усулдары жѳнүндѳ жалпы түшүнүк берет.

 

Жалпы түйшүгү: 2 кредит (72 саат)

Аудитордук сабактар: 40 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 32 саат

Семестр: 10