ISM

ЭАЖММ

Байланыш

PhD докторантурага кабыл алуу жарыялыгы

PhD докторантурага документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 20-июнунан 2024-жылдын 10-октябрына чейин жүргүзүлөт. Бардык талапкерлерге керектүү документтерди мүмкүн болушунча тезирээк тапшыруу сунушталат, бул документтерди иштеп чыгууга жана кабыл алуу жөнүндө чечимди өз убагында жарыялоого мүмкүндүк берет.

ЭАЖММ  PhD докторантурага кирүү сынагындагы турлардын графиги

Тур

Күнү

Убакыт

Иш - чара

Дарек

Эскертүү

1-тур

15.07.2024

10.00

«Коомдук саламаттыкты сактоо» дисциплинасы боюнча оозеки сынак түрүндө кирүү сынактары жана илимий иштин проблематикасы алкагында маектешүү

Zoom

КР жарандары үчүн

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

18.07.2024

10.00

Англис тили боюнча тест түрүндө сынак

Zoom Moodle

КР жарандары үчүн

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

2-тур

22.08.2024

10.00

«Коомдук саламаттыкты сактоо» дисциплинасы боюнча оозеки сынак түрүндө кирүү сынактары жана илимий иштин проблематикасы алкагында маектешүү

Интергельпо 1ф, ауд.523

КР жарандары жана үчүн

Zoom Moodle

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

26.08.2024

10.00

Англис тили боюнча тест түрүндө сынак

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары жана үчүн

Zoom Moodle

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

3-тур

17.09.2024

14.00.

«Коомдук саламаттыкты сактоо» дисциплинасы боюнча оозеки сынак түрүндө кирүү сынактары жана илимий иштин проблематикасы алкагында маектешүү

Интергельпо 1ф, ауд.523

КР жарандары жана үчүн

Zoom Moodle

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

20.09.2024

14.00

Англис тили боюнча тест түрүндө сынак

Интергельпо 1ф, ауд.523

КР жарандары жана үчүн

Zoom Moodle

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

4-тур

17.10.2024

14.00

«Коомдук саламаттыкты сактоо» дисциплинасы боюнча оозеки сынак түрүндө кирүү сынактары жана илимий иштин проблематикасы алкагында маектешүү

Интергельпо 1ф, ауд.523

КР жарандары жана үчүн

Zoom Moodle

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

21.10.2024

14.00

Англис тили боюнча тест түрүндө сынак

Интергельпо 1ф, ауд.523

КР жарандары жана үчүн

Zoom Moodle

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

 

PhD докторантурага кабыл алуунун тартиби

1. PhD докторантурага тапшырууга «магистр» же «адис» диплому менен тастыкталган, тиешелүү жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өтүүгө укуктуу;

2. ЭАЖММдин PhD докторантурасына адамдарды кабыл алуу кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча конкурстук негизинде жүргүзүлөт;

3. ЭАЖММдин PhD докторантурасына тапшыргандар кирүү сынактарын тапшырышат:

  1. англис тили боюнча;
  2. адистиги боюнча (Коомдук саламаттыкты сактоо);
  3. изилдөө темасын негиздөө үчүн маектешүүдөн өтүү;

4. Кирүү сынактарына паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ болгон учурда  уруксат  жүргүзүлөт;

5. Кирүү сынактарын кайра тапшырууга жол берилбейт;

6. Докторантурада окуу мөөнөтү күндүзгү бөлүмдө үч жылдан кем эмес жүргүзүлөт;

7. Окутуу контракттык негизинде жүргүзүлөт.

 

PhD докторантурага тапшыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

PhD докторантурага арыз берген талапкерлер ЭАЖММге төмөнкү документтерди тапшырат:

  1. 1. ЭАЖММдин ректорунун атына арыз;
  2. 2. «магистр» квалификациясы же адистиги, же «адис» багыты боюнча жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  3. 3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чет өлкөлүк окуу жайлары тарабынан берилген билим берүү жөнүндө документтердин деңгээлин жана мазмунун ырастоо жөнүндө маалымкат;
  4. 4. Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчеси жекече көрсөтүлөт жана текшерилгенден кийин кайтарылып берилет;
  5. 5. Чет өлкөлүк жарандар үчүн: тиешелүү визасы бар паспорт (көчүрмө);
  6. 6. Болжолдонгон ата мекендик же чет өлкөлүк илимий кеңешчи менен макулдашылган пландаштырылган диссертациялык изилдөөнүн негиздемеси;
  7. 7. Портфолио;
  8. 8. Илимий жетекчинин илимий жетекчиликке жазуу жүзүндөгү макулдугу (эркин формада);
  9. 9. Англис тили боюнча тест тапшыргандыгы тууралуу сертификаттын көчүрмөсү (бар болсо);
  10. 10. Илимий жана илимий-усулдук иштердин тизмеси (бар болсо);
  11. 11. 3.5х4.5см ѳлчѳмүндѳгү 6 сүрѳт;
  12. 12. У-086 формасындагы медициналык маалымкат;
  13. 13. Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча жана эмгек ишмердүүлүгүн тастыктаган документ (тажрыйбасы бар адамдар үчүн).

Кошумча маалымат алуу үчүн:

  Тел: +996703609899

   E-mail: postgraduate_office@ism.edu.kg |  imanbaeva1983@inbox.ru