Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

PhD ДОКТОРАНТУРАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби 561000 «Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина» багыты боюнча PhD докторантурасына документтерди кабыл алууга ачык.

PhD докторантурага кабыл алуунун тартиби

  1. PhD докторантурага тапшырууга «магистр» же «адис» диплому менен тастыкталган, тиешелүү жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өтүүгө укуктуу;
  2. ЭАЖММдин PhD докторантурасына адамдарды кабыл алуу кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча конкурстук негизинде жүргүзүлөт;
  3. ЭАЖММдин PhD докторантурасына тапшыргандар кирүү сынактарын тапшырышат:
  • англис тили боюнча;
  • адистиги боюнча (Коомдук саламаттыкты сактоо);
  • изилдөө темасын негиздөө үчүн маектешүүдөн өтүү;
  • Кирүү сынактарына паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ болгон учурда уруксат жүргүзүлөт;
  • Кирүү сынактарын кайра тапшырууга жол берилбейт;
  • Докторантурада окуу мөөнөтү күндүзгү бөлүмдө үч жылдан кем эмес жүргүзүлөт;
  • Окутуу контракттык негизинде жүргүзүлөт.


PhD докторантурага тапшыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
PhD докторантурага арыз берген талапкерлер ЭАЖММге төмөнкү документтерди тапшырат:

  1. ЭАЖММдин ректорунун атына арыз;
  2. «магистр» квалификациясы же адистиги, же «адис» багыты боюнча жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чет өлкөлүк окуу жайлары тарабынан берилген билим берүү жөнүндө документтердин деңгээлин жана мазмунун ырастоо жөнүндө маалымкат;
  4. Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчеси жекече көрсөтүлөт жана текшерилгенден кийин кайтарылып берилет;
  5. Чет өлкөлүк жарандар үчүн: тиешелүү визасы бар паспорт (көчүрмө);
  6. Болжолдонгон ата мекендик же чет өлкөлүк илимий кеңешчи менен макулдашылган пландаштырылган диссертациялык изилдөөнүн негиздемеси;
  7. Илимий жетекчинин илимий жетекчиликке жазуу жүзүндөгү макулдугу (эркин формада);
  8. Англис тили боюнча тест тапшыргандыгы тууралуу сертификаттын көчүрмөсү (бар болсо);
  9. Илимий жана илимий-усулдук иштердин тизмеси (бар болсо);
  10. 3.5х4.5см ѳлчѳмүндѳгү 6 сүрѳт;
  11. У-086 формасындагы медициналык маалымкат;
  12. Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча жана эмгек ишмердүүлүгүн тастыктаган документ (тажрыйбасы бар адамдар үчүн);
  13. ММК сертификатынын көчүрмөсү;
  14. Талапкерди PhD докторантура программага кирүүгө түрткү берген себептер, талапкердин узак мөөнөттүү карьералык максаттары жана ушул программа максаттарына жетүү үчүн кандайча жардам бере алары жөнүндө эссе.

Кошумча маалымат алуу үчүн:
Тел: +996703609899
E-mail: postgraduate_office@ism.edu.kg | imanbaeva1983@inbox.ru