ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Клиникалык ординатуурага кабыл алуу жарыялыгы

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү

Клиникалык ординатурага  документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 20-июнунан 20-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Бардык талапкерлерге керектүү документтерди мүмкүн болушунча тезирээк тапшыруу сунушталат, бул документтерди иштеп чыгууга жана кабыл алуу жөнүндө чечимди өз убагында жарыялоого мүмкүндүк берет.

ЭАЖММдин клиникалык ординатурага кирүү сынагындагы турлардын графиги

Тур

Күнү

Убакыт

Иш - чара

Дарек

Эскертүү

1-тур

12.07.23

10.00.

Адистик сабактар блогу билет системасы боюнча маектешүү түрүндөгү кирүү сыноолору

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары үчүн

Zoom

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

2-тур

24.08.23

10.00.

Адистик сабактар блогу билет системасы боюнча маектешүү түрүндөгү кирүү сыноолору

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары жана үчүн

Zoom

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

3-тур

25.09.23

10.00.

Адистик сабактар блогу билет системасы боюнча маектешүү түрүндөгү кирүү сыноолору

Zoom

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

4-тур

30.10.23

10.00.

Адистик сабактар блогу билет боюнча маектешүү түрүндөгү кирүү сыноолору

Zoom

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

5-тур

27.11.23

10.00.

Адистик сабактар блогу билет системасы боюнча маектешүү түрүндөгү кирүү сыноолору

zoom

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

 

Кабыл алуу тартиби

  1. Жогорку медициналык билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү же практикалык дарыгерлер, эгерде алардын тиешелүү билим деңгээлин тастыктаган тиешелүү документтери  болсо, бекитилген тизмеге ылайык, ЭАЖММнын  клиникалык ординатурасына кабыл алынат;
  2. Башка мамлекеттердин жарандарын эл аралык келишимдердин катышуучусу  Кыргыз Республикасы болуп эсептелген, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда окутуу белгиленген тартипте күчүнө кирген келишимдердин негизинде,  ошондой эле  билим берүү уюмдарынын ортосунда же айрым жарандардын ортосундагы  түзүлгѳн келишимдердин негизинде окутуу жүргүзүлөт;
  3. ЭАЖММнын клиникалык ординатурасына талапкерледи  кабыл алуу кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт;
  4. Кирүү сынагы тандалган адистиктин негизинде билет системасы боюнча маектешүү түрүндө өткөрүлөт;
  5. Окууга кабыл алуу ЭАЖММнын ректорунун буйругу менен киргизилет;
  6. Окуу мөөнөтү: 3 жыл;
  7. Окуу формасы: күндүзгү бөлүм;
  8. Окуу  төлөмү келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

 

Кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси

Клиникалык ординатурага арыз берген талапкерлер  ЭАЖММге төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  1. ЭАЖММ ректорунун атына жазылган арыз;
  2. окуган сабактары жана баалары көрсөтүлгөн жогорку медициналык билим жөнүндө диплом (көчүрмө);
  3. кадрларды эсепке алуу жѳнүндѳгү жеке баракчасы (ординатурага кирген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн эмгек стажы болгон учурда);
  4. өмүр баян;
  5. 086-U формасындагы медициналык маалымкат;
  6. 3,5⨯4,5 см өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  7. паспорттун, аскердик билеттин көчүрмөлөрү, (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);
  8. паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчеси жеке көрсөтүлөт жана текшерилгенден кийин кайтарылып берилет (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);
  9. чет өлкөлүк жарандар үчүн: тиешелүү визасы бар паспорт (көчүрмөлөрү).

 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биз менен байланышуудан тартынбаңыз:

Тел: +996703609899

E-mail: postgraduate_office@ism.edu.kg

                 imanbaeva1983@inbox.ru

Кененирээк маалымат