ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

"Эне тил күнүнө" арналган концерт

2024-жылдын 16-февралында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда Эне тил күнүнө арналган майрамдык концерт болуп өттү. Иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду.

Концертте Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) "Таланттар" арт-клубунун катышуучусу - Апурав Коундал активдүү катышып, Индия ырын мыкты аткарып берди. Ошондой эле Бишкектеги ар кыл жамааттары дүйнөнүн ар кыл элдеринин бийлерин, ырларын тартуулашты.

Концерттин ардактуу конокторунун арасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Президенттин Аппаратынын өкүлдөрү да болушту.

ЭАЖММдин атынан иш-чарага төмөндөгүлөр катышты:

  • ЭАЖММдин мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы - Р.Ж.Зайыркулова
  • ЭАЖММдин гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы -
  • Н.Н. Алымкулова
  • Кыргыз тили боюнча улук окутуучусу - М.А. Кибраева
  • Орус тили боюнча улук окутуучусу - А.А. Ажибекова
  • Гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын улук ассистенти -
  • М.С. Сагынычбекова

Бул тилдин, маданий көп түрдүүлүктүн жана достуктун эң сонун майрамы болду.