ISM

ЭАЖММ

Байланыш

Билим берүү мекемелеринде сапатты башкаруу системасын киргизүүнүн актуалдуу маселелери

Урматтуу кесиптештер!

       Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби жогорку билим берүү мекемелеринин сапатты башкаруу тармагындагы адистерди "Билим берүү мекемелеринде сапатты башкаруу системасын киргизүүнүн актуалдуу маселелери" аттуу кереге кеңешке катышууга чакырат. Кереге кеңеш 14-ноябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк сапат күнүнө арналып, кесиптик коомчулуктун коммуникативдик аянтчасын түзүү, СБС чөйрөсүндө жаңы стратегияларды, ыкмаларды жана технологияларды талкуулоого багытталган.

Кереге кеңеш гибрид форматында, 2024-жылдын 14-ноябрында, ЭАЖММдин борбордук кампусунда (Бишкек ш., Интергельпо көч., 1Ф, 2-кабат, конференц-зал) саат 13.00дөн 16.00гө чейин өткөрүлөт. Кереге кеңештин жүрүшүндө чакырылган эксперттер жана ЖОЖдордун өкүлдөрү СБС тармагындагы актуалдуу темалар боюнча баяндама жасашат.

Кереге кеңешке катышуу үчүн катталуу керек. Катышуучулардын саны чектелүү экенин эске алууну суранабыз жана катышуу ырасталгандан кийин каттоо өттү деп эсептелет.

  • Тегерек столго каттоо 11-ноябрга чейин жүргүзүлөт.
  • Катталуу үчүн 0508788073 номери боюнча уюштуруучуларга кайрылыңыз.
  • Шилтемени басуу менен электрондук каттоодон өтүү керек: Электрондук каттоо