Ч. Айтматовду эскерүү күнү Ата-Бейитте өттү
Үстүбүздөгү жылдын 10-июнь күнү Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү боюнча жооптуу окутуучу-кызматкерлери жана студенттери менен «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Ч. Айтматовду эскерүү күнү өттү.
“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде улуу жазуучунун элесине куран түшүрүлүп, гүл чамбар коюлду.
ЭАЖММнын мамлекеттик тил бѳлүмү тарабынан уюштурулган иш-чарага студенттер жана окутуучу-кызматкерелер активдүү катышышуу менен алгач, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде андан кийин англис тилинде ѳмүр таржымалы, чыгармалары тууралуу маалыматтар айтылды.
Белгилей кетсек мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, салтка айланууда.