ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Ч. Айтматовду эскерүү күнү Ата-Бейитте өттү

  Үстүбүздөгү жылдын  10-июнь күнү Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин  мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү боюнча жооптуу окутуучу-кызматкерлери жана студенттери менен  «Ата-Бейит»  улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде  Ч. Айтматовду эскерүү күнү өттү.   
  “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде улуу жазуучунун элесине куран түшүрүлүп, гүл чамбар коюлду. 
   ЭАЖММнын мамлекеттик тил бѳлүмү тарабынан уюштурулган иш-чарага студенттер жана окутуучу-кызматкерелер  активдүү катышышуу менен алгач, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде андан кийин англис тилинде ѳмүр таржымалы, чыгармалары тууралуу маалыматтар айтылды.
     Белгилей кетсек мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, салтка айланууда.