ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Аккредитация жана рейтинг агенттигинин (IAAR) тышкы эксперттик комиссиясы

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде билим берүү мекемесинин сапатын баалоо үчүн Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттигинин (IAAR) тышкы эксперттик комиссиясы

 

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде 2023-жылдын 28-30 ноябрында Аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиктин (IAAR) тышкы эксперттик комиссиясы ишин баштады.

Эксперттер саламаттыкты сактоо тармагындагы билим берүү уюмдарын институционалдык аккредитациядан өткөрүшөт (WFME/AMSE/ESG негизинде).

Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттигинин (IAAR) тышкы эксперттик тобу:

IAAR эксперти – ТЭКтин төрагасы – Алексей Николаевич Калягин, медицина илимдеринин доктору, Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин ЖОЖ ФМБОЖ Иркутск мамлекеттик медициналык университети (Иркутск ш., Россия Федерациясы);

IAAR эксперти – Курманова Гаухар Медеубаевна медицина илимдеринин доктору, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессору (Алматы ш., Казакстан Республикасы,);

IAAR эксперти – Рысматова Флора Таштемировна, м.и.к., доцент, ОшМУ (Ош ш., Кыргыз Республикасы);

IAAR эксперти – ТЭКтин иш берүүчүсү – Борболдоев Болот Абдыкадырович, Республикалык психикалык ден соолук борбору (Бишкек ш., Кыргыз Республикасы);

IAAR эксперти – ТЭКтин студенти – Хамидова Ясмин Гафуржановна, 4-курстун студенти, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. (Бишкек ш., Кыргыз Республикасы);

IAAR координатору – Джакенова Алиса Сатбековна, медицина илимдеринин кандидаты, Агенттиктин Медициналык долбоорлордун жетекчиси (Астана ш., Казакстан Республикасы).

Эл аралык жогорку медициналык мектебине аккредитациядан ийгиликтүү өтүшүн каалайбыз!!!