ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

"Миррахимов окуулары" илимий-практикалык конференциясы

2022-жылдын 1-апрелинде белгилүү окумуштуу — илипоз клиницист жана кардиолог, клиникалык физиолог, педагог, илимдин жана саламаттыкты сактоонун таланттуу уюштуруучусу-академик Мирсаид Миррахимовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналган "Миррахимов окуулары" илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
Биздин уюмдан конференцияга "Пропедтерапия жана үй-бүлөлүк медицина" кафедрасынын доценти медицина илиминин кандидаты Гулбарчын Суранова "Аллергиялык оорулардын патогенетикалык дарылоосуу" билдирүүсү менен катышып, аллергия ооруларын тез арада дарылоонун негизги учурларын баса белгиледи, 

 

Бул иш-чаранын башкы максаты — жалпы практиканын дарыгерлеринин, ошондой эле тар адистердин — кардиологдордун, пульмонологдордун, эндокринологдордун, нефрологдордун, гастроэнтерологдордун, ревматологдордун билимин, квалификациясын жогорулатуу жана эң актуалдуу илимий жана клиникалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн илимпоздордун жана дарыгерлердин аракеттерин бириктирүү, медициналык илимдин акыркы жетишкендиктерин практикага киргизүү жолу менен республиканын калкына квалификациялуу жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу болуп саналат.