ISM

ЭАЖММ

Байланыш

Студенттер кѳркѳм окуйт

         2022-жылдын 17-октябрында Кыргыз  Республикасынын Эл аралык университетинде «Кыргыз адабий чыгармаларын көркөм окуу» аталышында  республикалык жогорку окуу жайлар  аралык  фестиваль болуп өттү.
        Фестивалга  КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси – Орозов Асылбек Кудайбердиевич, акындар  Чолпон  Орозалиева,  Гүлжамийла Шакировалар  сөз сүйлөшүп, фестивалга катышып жаткан студенттерге ийгиликтерди каалап кетишти. Жалпысынан фестивалга Бишкек  жана Ош шаарынын  15 жогорку окуу жайларынан 20дан ашык студент катышып,  күч сынашты. Фестиваль оффлайн жана онлайн режиминде өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө фестивалга келген студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, калыстар  тарабынан фестивалдын  жыйынтыгы чыгарылып, алдыңкы орунду алган студенттер дипломдор  менен сыйланышты.
Сыйлоо аземи эки багытта,  чет өлкөлүк студенттер арасында жана кыргыз жарандыгы бар студенттер арасында ѳттү.  Кѳркѳм окуу боюнча чет өлкөлүк студенттер арасында  биринчи орунду биздин ЖОЖдун студенти багындырып, 1-даражадагы диплом менен  5-курсунун студенти Акаш  Джейн сыйланды. Ал эми жигердүү катышкан Шерус Хан, Шуиб Малик,  Пратик Матур ыраазычылык кат жана Улуттук комиссиянын белектери менен сыйланышты. 
       Ошондой эле аларды жетектеп келген Мамлекеттик тил бѳлүмүнүн башчысы Зайыркулова Рима, Гуманитардык сабактар кафедрасынын окутуучусу Кибраева Мунира  ректордун ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Ийгилигиңиздер кут болсун!