ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ИШ-ЧАРАДА ЭЛ АРАЛЫК ЖОГОРКУ МЕДИЦИНАЛЫК МЕКТЕБИ
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жыл жыйынтоочу иш-чарасын өткөрдү. Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун Илимий китепканасынын жыйындар жайында болуп, ага ар тармакта мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө салым кошкон мекеме-уюмдар, инсандар чакырылган.
Иш-чаранын башында 2021-жыл ичинде аткарылган көрүнүктүү иштер боюнча кыскача маалымат берилип, соңунда К.Тыныстановдун 120 жылдыгына карата жарыяланган 5 айлыкта, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн макалалар сынагында жакшы баага татыгандарга жана 2021-жылы Улуттук комиссия менен тыгыз кызматташкан мекемелерге жана инсандарга: Жаныбеков Азат – К.Тыныстанов коомдук уюмунун жетекчиси; Окенов Мирбек – Улут Софт компаниясынын жетекчиси; «Германиянын табиятты коргоо союзунун» Кыргыз Республикасындагы филиалы (НАБУ); Арабаев атындагы КМУ; И.Раззаков атындагы КМТУнун мамлекеттик тил бөлүмү; Андарбеков Өмүрбек – “Улут” платформасынын негиздөөчүсү; Орозакунов Айбек – Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин бөлүм башчысы; Эл аралык жогорку медициналык мектебине Ыраазычылык барагы жана сыйлыктар тапшырылды.