ISM

ЭАЖММ

Байланыш

ЭАЖММ студенттери кыргыз киносун тартууга катышты

2024-жылдын 1-июлунда “Манас” эл аралык аэропортунда белгилүү кыргыз режиссеру Бакыт Осмонканов тарткан белгилүү “АЯШ 4” тасмасынын кезектеги бөлүгүн тартуу иштери болгонун сыймыктануу менен билдиребиз. Тасма буга чейин сынчылардын жана көрүүчүлөрдүн көңүлүн буруп, ар кандай эл аралык кинофестивалдарга катышууга чакыруу алган.

Кино тартууга биздин университетттин төмөнкү студенттери катышты:

  1. Дейв Акшат
  2. Мевара Правин Кумар
  3. Мина Рохиташ
  4. Сиддхават Дивианшу
  5. Даниш Кхан
  6. Пиюш

    Ошондой эле администрациянын өкүлдөрү: куратор Мамбетова Сабира Ратбековна жана мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн эксперт-лингвисти Галиева Диана Акылбековна катышышты.

    "АЯШ 4" тасмасы жаңы кыйынчылыктарга жана ачылыштарга туш болгон башкы каармандардын жоруктарын баяндоону улантууда. Бул бөлүк жаңы сюжеттик линиялар жана кызыктуу каармандар менен өзгөчө кызыктуу жана таасирдүү болорун убада кылат.

      Мындай олуттуу долбоорду тартууга катышуу биздин студенттер үчүн өзгөчө окуя. Бул кино тармагын ичтен көрүү мүмкүнчүлүгү гана эмес, кыргыз киносунун өнүгүшүнө салым кошуу. Биздин студенттерибиз кыргыз тилин жана маданиятын даңазалаган ушундай чоң долбоорлорго катыша аларына сыймыктанабыз.

     Тасманын режиссёру Бакыт Осмонканов: "Биздин командага чет элдик студенттердин кошулушу уникалдуу көз карашты алып келип, универсалдуу жана терең окуяны жаратууга жардам берди. Биздин тасма ар түрдүү маданияттардын кызматташтыгынын натыйжасы болгонуна сыймыктанабыз", - деп белгиледи.