ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

​​​​​​​А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин 95 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасында орто медициналык жана фармацевтикалык билимдүү кадрларды даярдоодогу реформалар: Баштапкы тажрыйбадан келечекке чечкиндүү кадам»

2023-жылдын 21, 22-ноябрында Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору С.М. Ахунбаев
А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин 95 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасында орто медициналык жана фармацевтикалык билимдүү кадрларды даярдоодогу реформалар: Баштапкы тажрыйбадан келечекке чечкиндүү кадам» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. 
 
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңешинин, министрликтеринин, ведомстволорунун, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары, Улуттук статистикалык комитетинин жетекчилери, ошондой эле Россия, Япония, Германия, АКШ, Словения, Казакстан, Өзбекстан  мамлекеттеринен келген тажрыйбалуу эксперттер, окумуштуулар, белгилүү бүтүрүүчүлөр катышышты. Эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн бул илимий конференциянын жүрүшүндө “MER” проектисинин медайымдык билим берүүнү реформалоо боюнча эл аралык эксперти, доктор Бригитта Скелы Савич (Словения), Волгоград медициналык колледжинин Волжск филиалынын директору Душкин О.В. (Россия), AVIMED көп тармактуу колледжинин директору Тезекбаева Э.Т. (Казакстан), Республикалык медициналык колледжинин директору Шахло А. (Тажикстан) колледждин ишмердүүлүгүн жогору баалап, өз каалоо-тилектерин айтып куттуктады. Билим берүү чөйрөсүндө медайым кадрларын даярдоо боюнча жергиликтүү жогорку окуу жайлардын илимий даражалуу окутуучулары өз баяндамаларын жасашты.  
 
Конференциянын экинчи күнүндө мааракеге арналган Волейбол боюнча Республикалык медициналык колледждердин арасындагы «Кыргызстандын медициналык колледждер Ассоциациясынын Кубогу» спартакиада-2023 өткөрүлдү.