Жолуккан кандай жакшы
«Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестивалдын гимни болгон «Жолуккан кандай жакшы» ырынын автору белгилүү акын Гүлбүбү Байбугуеванын, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын областук академиялык музыкалык драма театрында «Жолуккан кандай жакшы» ырлар жыйнагынын бет ачар аземи болуп ѳттү. Иш-чарага белгилүү обончу композитор, аткаруучулар жана жалпы эле ыр катышышты. Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору м.и.д., профессор Орозали Узаков жана «Жолуксак кандай жакшы ырын» 2-жолу эл аралык фестивалга ырдап чыккан 5-курстун студенти Бхагиясри Таяде онлайн куттукташты. Мамлекеттик тил бѳлүмүнүн башчысы Рима Зайыркулова ЭАЖММнын атынан куттуктап, иш-чарага катышты.