ISM

ЭАЖММ

Байланыш

«Чет элдик студенттерге мамлекеттик тилди окутуунун азыркы абалы жана келечеги» аттуу тегерек стол өткөрүлдү

Эл аралык жогорку медициналык мектебинде «Чет элдик студенттерге мамлекеттик тилди окутуунун азыркы абалы жана келечеги» аттуу тегерек стол ѳттү. Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын тѳрагасы, академик Мусаев Сыртбай Жолдошевич, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова  Гульнара Үмөтбековна жана чет элдик студенттер окуган жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча адистери катышты.

 

Меймандар алгач Эл аралык жогорку медициналык мектебиндеги мамлекеттик тил боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Андан соң бүгүнкү күндѳгү чет элдик студенттерге мамлекеттик тилди окутуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу ойлор, сунуштар, тажрыйбалар ортого салынды.  Улуттук комиссия мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү боюнча бир топ кѳйгѳйлүү маселелерди кабыргасынан коюу менен ишке ашыруу талаптарын белгиледи.