Кыргыз тили - улуу тил
ЭАЖММнын Гуманитардык сабактар кафедрасында 3-июнда "Кыргыз тили - улуу тил" деген темада спич-конкурс ѳткѳрүлдү. Спич-конкурска 8-семестрдин студенттери Акаш Джейн – «Кыргызстан менин экинчи мекеним», Мехрул Ниса – «Менин кумирим», Авзаин Улхак – «Кыргызстан кооз өлкө», Дамадип Нитгаде – «Сергек жашоонун үлгүлөрү» ж.б. темаларды өздөрү тандоо менен кызыктуу баяндамаларды жасашты. Баяндамалар менен катар студенттер тарабынан даярдалган ыр, бийлер аткарылды. Бул иш-чара быйылкы 2021-2022-окуу жылындагы Гуманитардык сабактар кафедрасынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болду.
Иш чарага конок катары ЭАЖММнын Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Рима Зайыркулова жана деканаттын өкүлү Сабира Мамбетова катышышты. Медициналык багытта кесип алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде эркин сүйлѳшүп баяндамаларын жогорку деңгээлде жакташты.
Ѳзгѳчѳлүк Индия Республикасынын Манипур штатынан келип окуп жаткан студенттер, атайын ѳз ѳлкѳсүнѳн улуттук кийимдерин алдырышып, Манипур элинин улуттук бийин тартуулашты.