ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Laying flowers to the monument of Chyngyz Aitmatov

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин мамлекеттик тилге жооптуу кызматкерлери жана студенттери 19-майда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп, куран окушту. 

Айтматовдун китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. «Адамга эң кыйыны - күн сайын Адам болуу. Адамдын абийири күн сайын сыноого түшөт» - деп кыргыздын залкар жазуучусу, улуу инсан Чынгыз Төрөкулович Айтматов таамай айткан.  Бул сөздөр жазуучунун бизге калтырган аманат сөзү, аманат акылы. Анын даанышман ойлору, китептери, идеялары дайым биз менен.  Ала-Тоонун ак кар, көк муз баскан чокулары турганда, көкүрөгүбүздө кыргыз руху турганда, Чыңгыз Айтматовдун ысымы түбөлүк жашай берет!