ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Тематикалык карталарды түзүүнүн методикасы

7-декабрда тематикалык картаны түзүү маселелери жана диссертациянын үстүндө иштөө боюнча мындан аркы иш-чаралар – “Тематикалык карталарды түзүүнүн методологиясы” боюнча мастер-класс өткөрүлдү.
Отурумдун баяндамачысы Атыканов Арыстанбек Орозалыевич – ЭАЖММнын  Илимий-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, улук илимий кызматкери.


Арыстанбек Орозалыевич угуучуларга диссертациялык иштин тематикалык картасын түзүүнүн актуалдуу маселелери жана маанилүү нюанстар жөнүндө айтып берди.  Илимий иште актуалдуулуктун негиздемесин долбоорлоодо бул конкреттүү изилдөө эмне үчүн жана канчалык деңгээлде кѳрсѳтүлгѳн маселени чечүүдѳ жардам бере аларын түшүндүрүп берүүсү керек. бул илимий маселени теориялык жана/же практикалык планда чечет. Ишиңизде илимий көйгөйдү баяндоо жана өз салымыңызды актоо менен баштап, сиз окурманга концепцияңызды андан ары баяндоо, изилдөөңүз эмне үчүн жаңы жана актуалдуу экенин көрсөтүү үчүн “көпүрө түзөсүз”. Келечекте мындай мастер-класстар  квартал сайын өткөрүлүп турмакчы.