ISM

ЭАЖММ

Байланыш

Эл Аралык программалык аккредитация

         2021-жылдын 7-декабрынан 9-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Эл Аралык Жогорку Медициналык Мектеби Көз карандысыз аккредитациялоо жана Рейтинг агенттик ((НААР/IAAR)  тарабынан эл аралык программалык аккредитациядан өтөт. Тышкы эксперттик комиссия «Дарылоо иши» билим берүү программасынын Көз карандысыз аккредитация жана Рейтинг боюнча агенттиктин жогорку окуу жайларын аккредитациялоо критерийлерине ылайык келүүсү боюнча өз ишин жүргүзөт. Бул үчүн отчет даярдалды, анын мазмуну медициналык ЖОЖдор адистештирилген аккредитациялоо стандартына ылайык түзүлөт жана тиешелүү стандарттарга ылайык стандарттардын жана тиркемелердин сыпаттамасын, ошондой эле ар бир стандарт үчүн жакшыртууну жана күчтүү жактарын жана багыттарын баяндоону камтыйт. 
         Тышкы эксперттик комиссиянын мүчөлөрү ЖОЖдун ишмердүүлүгүн баалоо боюнча объективдүү маалымат алуу үчүн төмөнкү ыкмаларды колдонушат: визуалдык текшерүү, байкоо жүргүзүү, ар кандай түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен, окутуучулардан, студенттерден, иш берүүчүлөрдөн сурамжылоо, профессор-окутуучулардын курамынан жана студенттерден окутуунун ишине суроо берүү. Ошондой эле, ТЭК мүчөлөрү ЭАЖММнын клиникалык кафедраларына жана практикалык базаларында да болушат.  
          Көз карандысыз аккредитациялоо жана Рейтинг боюнча агенттиктин тышкы эксперттик комиссиянын иш сапары гибриддик форматта жана төмөнкү курамда өткөрүлөт:

1.    Комиссиянын тѳрайымы - Иванченко Нелля Николаевна, м.и.к., НАО С.Д.Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университети» (Алматы ш. Казакстан Республикасы);  
2.    Чет элдик эксперт - Редько Дмитрий Дмитриевич – м.и.к., доцент, УО «Гомель мамлекеттик медициналык университети  (Беларусь Республикасы, Гомель ш.); 
3.    Чет элдик эксперт  - Курманалина Гульнар Лукпановна, НАО 
4.    Марат Оспанов атындагы Батыш - Казак медициналык университети» (Казахстан Республикасы, Актобе ш.);
5.    Улуттук эксперт - Ташиева Гульбара Самидиновна, м.и.к., доцент, Ош Мамлекеттик университети  (Кыргыз Республикасы, Ош ш.);
6.    НААР иш берүүчүсү  - Сактанова Тамара Султановна, м.и.к., доцент, “Гаудеамус” Эл аралык билим берүү холдингинин ѳкүлү  (Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.);
7.    КР БИМ  байкоочусу  - Алибаева Дамира Какеновна, КР БИМ кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси  (Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.);   
8.    НААР байкоочусу  - Джакенова Алиса Сатбековна, к.м.н., Медициналык долбоорлор агенттигинин жетекчиси (Казахстан Республикасы, Нур-Султан ш.); 
9.    НААР студенти - Алымкулова Нуркыз Асылбековна, Эл аралык «Ала-Тоо» университети  (Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.). 
 
Эл Аралык Жогорку Медициналык  Мектебине эл аралык программанын аккредитациясынан ийгиликтүү өтүшүн каалайбыз!