ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби «2022-жылдын мыкты окуу жайы»

Медиа Холдинг "Жетиген" 2022-жылдын мыктыларын аныктап, жаңы жыл алдында «Жылдын мыктылары-2022» сыйлыгын тапшыруу салтанатын өткөрүштү. Бул аземде Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби  «2022-жылдын мыкты окуу жайы» сыйлыгына татыктуу болду. Бул номинация экинчи жолу  Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебине ыйгарылууда. Салтанатка Кыргыз Республикасынын баатырлары, ЖК депутаттары, ѳкмѳт мүчѳлѳрү, белгилүү коомдук саясий ишмерлер, искусствонун кѳрүнүктүү ѳкүлдѳрү, эстрада жылдыздары жана массалык-маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү катышышты. ЭАЖММнын атынан мамлекеттик тил бѳлүмүнүн башчысы Зайыркулова Рима, Студенттик кадр бѳлүмүнүн башчысы Бутешова Гульзат, Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын окутуучусу Турдумамбетова Майрамкүл, Табигый илимдердин сабактары  кафедрасынын доценти Аманбаева Гүлнара, Дипломдон  кийинки окутуу деканатынын адиси Иманбаева Гүлбахира катышышты.