Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби «Эмблемага» автордук укук алышты
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби атайын иштелип чыккан «Эмблемага» патент алды.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Эмблемасы 2004-жылы ЭАЖММнын 1-ректору Чынгышпаев Шамиль Мукашевичтин демилгеси менен С.М.Ахунбаев, О.Ж.Узаков, У.Р.Мусаев менен бирдикте жамааттык авторлукта иштелип чыккан. Эмблемада:
- Жер планетасынын картасы түшүрүлгѳн. Бул ЭАЖММ дүйнөнүн ар тарабынан келген студенттерди тосуп алууга кубанычта экенин билдирет.
- Жер планетасынын картасын тегерете буудай тартылган. Бул токчулукка чакыруунун белгиси.
- Буудайды тегерете англис тилинде Эл аралык Медициналык Мектеби (INTERNATIONAL SCHOOL OF MEDICINE) деп жазылган. Бул окутуу англис тилинде жүргүзүлѳт дегенди түшүндүрѳт.
- Жер планетасынын картасынын ортосунда мекеменин аббревитурасы түшүрүлгѳн. Англисче S тамгасы жыланга окшоштурулган. Бул акылмандыктын жана жыландын уусу кѳп ооруга шыпаа болуу менен медицинада саламаттыктын салттуу белгиси катары берилген.
- Эмблеманын ылдыйкы бѳлүгүндѳ Кыргызстан деп жазылган. Бул Кыргызстандын жогорку окуу жайы дегенди билдирет.
- Эмблемада академиялык тѳрт бурчтуу баш кийим тартылган. Бул мыкты билим алуу менен диплом алууга чакырат.
Эмблема алгач 2004-жылы 29-октябрдагы №14 буйрук менен колдонууга уруксат берилген. Ошол күндѳн тарта мекеменин иш-кагаздарында колдонулуп баштаган.