ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби «Эмблемага» автордук укук алышты

Эл аралык Жогорку Медициналык  Мектеби атайын иштелип чыккан «Эмблемага» патент алды.

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Эмблемасы 2004-жылы ЭАЖММнын 1-ректору Чынгышпаев Шамиль Мукашевичтин демилгеси менен С.М.Ахунбаев,  О.Ж.Узаков, У.Р.Мусаев менен бирдикте жамааттык авторлукта иштелип чыккан.  Эмблемада:

  1. Жер планетасынын картасы  түшүрүлгѳн. Бул ЭАЖММ дүйнөнүн ар тарабынан келген студенттерди тосуп алууга кубанычта экенин билдирет.
  2. Жер планетасынын картасын тегерете буудай тартылган. Бул токчулукка чакыруунун белгиси.
  3. Буудайды тегерете англис тилинде  Эл аралык  Медициналык Мектеби (INTERNATIONAL SCHOOL OF MEDICINE) деп жазылган. Бул окутуу англис тилинде жүргүзүлѳт дегенди түшүндүрѳт.
  4. Жер планетасынын картасынын ортосунда мекеменин аббревитурасы түшүрүлгѳн. Англисче  S тамгасы жыланга окшоштурулган. Бул акылмандыктын жана жыландын уусу кѳп ооруга шыпаа болуу менен медицинада саламаттыктын салттуу белгиси катары берилген.
  5. Эмблеманын ылдыйкы бѳлүгүндѳ Кыргызстан деп жазылган. Бул Кыргызстандын жогорку окуу жайы дегенди билдирет.
  6. Эмблемада академиялык тѳрт бурчтуу баш кийим тартылган. Бул мыкты билим алуу менен диплом алууга чакырат.

        Эмблема алгач  2004-жылы 29-октябрдагы №14 буйрук менен колдонууга уруксат берилген. Ошол күндѳн тарта мекеменин иш-кагаздарында колдонулуп баштаган.