ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Сыйлык-сыймык


       Улуу Нооруздун урматына арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында  мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүдѳ,  иш-кагаздарын мамлекеттик тилге которууда жана тил саясатын жайылтууда салым кошуп жаткан ЭАЖММнын профессор-окутуучулар курамынан  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” тѳш белгиси менен медицина илиминин доктору, профессор  Узаков Орозали,  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен ДКО декантынын окутуучу-адиси Иманбаева Гульбахира, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Алкыш барагы менен Каушик Махеш, Бхагиясри Кайласрао Таяде, Сунил Саху, Мохиуддин Арман Кхандын сыйланышты.

   Ошондой эле  2021-жылдын  акыркы айларында ѳткѳн «Манас таануу» телетаймашына жигердүү катышуу менен «Дүбүрт» номинациясын жеңгендиги үчүн Эл аралык жогорку медициналык мектебинин  ыраазычылык каттары жана бред буюмдары менен  Мохаммед Ашраф, Муиз Ибрахим,  Комал Датахонде, Матхумита  Бункар сыйланышты.  


         “Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда” эл аралык фестивалга жигердүү катышкандыгы үчүн Пранали Чаудхари,    Никхил Мешрам, Ишика Жаин, Химаншу Шарма,  Батула Никхил,   Рахул Таватия,    Ману Мангалам Ватс , Прия Баник  Дарлонг , Приянка Саркар  ЭАЖММнын ыраазычылык каттары менен сыйланышты. 


         ЭАЖММнын Эл аралык кызматташтык борборунун ишмердүүлүгүндѳ жигердүү кызматташкандыгы үчүн Тангалапалли  Сайнатх, Гаджендра Пратп Сингх, Сафиур Рахман,  Бхатт Прияншу ЭАЖММнын ыраазычылык каттары менен сыйланышты. 


        Сыйлыгыңыздар кут болсун. Кыргыз Республикасынын Эл аралык жогорку медициналык мектебинин иши адымдап, мамлекеттик тили-кыргыз тили окуу жайдын бардык баскычында  мамлекеттик деңгээлде иш алып барган тил болсун замандаштар!