ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Nooruz celebration at the International Higher School of Medicine (IHSM)

Эл аралык жогорку медициналык мектебинде биримдик, ынтымак менен бирге жаздын келишин билдирген Нооруз майрамы да шаң менен белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын тѳрагасынын орун басары Тажиматов Санжарбек жана мамлекеттик тил жана уюштуруу бѳлүмүнүн жетектѳѳчү адиси Толукбаева Сезим, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү  секторунун   башчысы Ибраимова Гүлнара, ЭАЖММнын биринчи ректору Чыңгышпаев Шамил, ЭАЖММнын ректорунун кеңешчиси  Уметалиев Юсупжан, «Кыргызстан Эл аралык университети» АКнын президенти Айдаралиев Арсен,  профессор-окутуучулар,  кызматкерлер жана студенттер катышышты. 

 

 

 

 

 

 

 


         Улуттук комиссиянын тѳрагасынын орун басары Тажиматов Санжарбек,  МУКтун президенти Айдаралиев Арсен, БИМдин ѳкүлү Ибраимова Гүлнара  табият менен төп келишип, күн менен түн тогошуп, жаңылануунун белгиси болгон бул майрамда ѳлкѳбүздү, окуу жайыбызды  өнүктүрүү үчүн алдыга койгон асыл максаттарыбыздын, иш-мерчемдерибиздин  ишке ашуусун тилек кылышып Нооруз майрамы менен  салтанаттуу түрдө куттукташты.  

 
            Эл аралык жогорку медициналык мектебинин Улуу Нооруздун урматынан арналган иш-чаранын расмий бѳлүгундѳ  мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүдѳ иш-кагаздарын алып барууда, тилди жайылтууда салым кошуп жаткан профессор-окутуучулар жана студенттер  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйланышты. Ошондой эле ЭАЖММнын жана  Эл аралык кызматташтык борборунун иштерине жигердүү катышкан студенттер ректордун ыраазычылык каттары менен сыйланышты.  

   
        ЭАЖММда талантуу студенттеринен түзүлгѳн «Сенсейшин» тобу кыргыз, индия, ѳзбек, казак элинин ѳнѳрлѳрүн тартуулашты. Нооруз майрамынын ритуалы Умай Эненин арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо, аластоо жөрөлгөсү жасалды. Нооруз дасторконунун ажырагыс бөлүгүү болуу менен аял-эркектин катышуусунда, 12 саат жагылган отто аралаштыруу менен бышырылган «Сүмөлөк таттуусу» конокторго тартууланды. Элибизде "Карысы бардын ырысы бар" деген кеп бекеринен айтылбаган сыңары ЭАЖММнын биринчи ректору  Чыңгышпаев Шамил Мукашевич ак батасын берди.  Бул күндө жаратылышта гана жаңылануу болбостон, ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ички дүйнөбүздө жаңылануу болот  деп жакшыга жоруйлу, ниет-пейилибизди түздөйлү. Нооруз майрамы кайдан келбесин, анын символдору менен ритуалдары эмнени билдирбесин, кайсы ишенимге таандык болбосун – бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдерин чыныгы элдик майрамы катары калууда. 2010-жылы БУУ адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, “Бардык элдердин Эл аралык майрамы” деп бекитип берген.  Күн менен Түн теңелген кездеги көктөм майрамы – Нооруз майрамыңыздар кут болсун!