ISM

ЭАЖММ

Байланыш

Медициналык биология жана информатика боюнча олимпиада

2024-жылдын 30-апрелинде Табигый Илимдердин Сабактары кафедрасында медициналык биология жана информатика сабактары боюнча 1,2,3-семестрдин студенттеринин арасында олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын уюштуруучулары табигый илимдердин сабактары кафедрасынын окутуучулары: Исакова Б.А., Мырзагалиева Э.Б., Берболот кызы Г. Олимпиаданын уюштуруучулары жогорудагы семестрлерден 30 студенттен турган 6 команда уюштуруп, даярдашты.

Олимпиаданын максаттары:

  1. Медициналык биология жана информатика сабактарына кызыгуусун арттыруу
  2. Таланттуу окуучуларды аныктоо
  3. Логикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү

Олимпиада 5 турдан өттү:

  1. Командалардын презентациясы  (Power Point программасы аркылуу))
  2. Кроссворддор
  3. Тестик суроолор, сүрөт суроолору.
  4. Ситуациялык тапшырмалар.
  5. Микроскоп менен иштөө.

Бардык студенттер дисциплиналарга чоң кызыгууну жана логикалык маселелердин стандарттуу эмес чечимдерин көрсөтүштү.

Калыстар тобунун курамында:

  1. Табигый илимдердин сабактары кафедрасынын кафедра башчысы – б.и.к., Исмаилова Ч.С.
  2. Негизги сабактар кафедрасынын окутуучусу – б.и.к. Тюлюева А.К.
  3. 1 - курс боюнча декандын орун басары – Жунушева Ж.З.
  4. Медициналык колледждин окутуучусу – б.и.к., Абдылдаева Р.Т.
  5. Табигый илимдердин сабактары кафедрасынын доценти – Айткеева Ч.А.
  6. Табигый илимдердин сабактары кафедрасынын доценти – Аманбаева Г.М.

Төмөндө олимпиаданын жыйынтыгы:

Командалар

Толук упай

Орун

  № 3  Biocomputing

84

1

  № 6  BioByte Brainiacs

80

2

  № 4 Binary biologists

78

3

  № 2 Ctrl-Z Cells

69

4

  № 1 Biotech visionaries

67

5

  № 5 Bio-Tech Titans

60

6

Олимпиаданын бардык катышуучуларына ЭАЖММдин сертификаттары, кызыктыруучу сыйлыктар жана жеңүүчүлөргө 1,2,3-даражадагы дипломдор жана  ЭАЖММдин промо-продукциялары менен сыйланышты.