ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Физика жана химия боюнча олимпиада

2024-жылдын 29-январында табигый илимдердин сабактары кафедрасында 1-семестрдин студенттери үчүн физика жана химия боюнча олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын уюштуруучулары табигый илимдердин сабактары кафедрасынын окутуучулары: Исмаилова Ч.С., Айткеева Ч. А., Айдыралиева Ч.Б., Байджуранова А.М. жана улук лаборант Арстанбекова П.М. Олимпиадага 5 студенттен турган 8 команда катышты.

Олимпиаданын негизги максаты:

  • Физика жана химия сабактарына кызыккан таланттуу студенттерди аныктоо;
  • Олимпиаданын катышуучуларынын физика жана химияга болгон кызыгуусун өнүктүрүү;

Олимпиада 4 турда өттү:

  1. Командалардын презентациясы;
  2. Физика жана химия боюнча тест
  3. Физикалык кубулуштар, процесстер, же химиянын мыйзамдары, реакциялар боюнча театралдаштырылган спектакль;
  4. Физика жана химия боюнча сүрөттөр боюнча логикалык суроолор

Студенттер кызыгуу менен жогорку деⱧгээлде билимдерин көрсөтүштү жана театралдаштырылган спектаклди аткарууда чыгармачылык  таланттарын көрсөтө алышты.

Калыстар тобунун курамында:

  1. Негизги сабактар кафедрасынын окуу бөлүмүн башчысы Бекназарова Ш.З.
  2. Негизги сабактар кафедрасынын окутуучусу Таалайбекова Ы.Т.
  3. Негизги сабактар кафедрасынын окутуучусу Бакирова Ш.С.
  4. Табигый илимдердин сабактары кафедрасынын окутуучусу Исакова Б.А.

     Олимпиада төмөнкү жыйынтыктар менен аяктады:

Командалар

Толук упай

Орун

№6 Catalyst Crusader

88

1

№4  Prime Calculus

86

2

№ 3 Atomic Nexus

85

3

№1Catalists Convergence

82

4

№ 8 Quantum Alchemists

79

5

№ 2 Stwaller Scientists

78

6

№ 7  Kanad

78

7

№ 5 Newton Ninjas

72

8

Олимпиаданын бардык катышуучуларына ЭАЖММдин сертификаттары нана жеⱧүүчүлөргө 1,2,3-даражадагы дипломдор менен  ЭАЖММдин промо-продукциялары менен сыйланышты.