Пресс-релиз «Эки дарыгер» программасы
«Инсультта заманбап ыкманы колдонуу, адамды майып болгондон сактап калуу»
Дарыгер Султан Оморов, кесиби боюнча невролог-реаниматолог, Бишкек шаарынын «Веданта» ооруканасында эмгектенет. Кыргызстандагы жалгыз оорукана, инсульт оорусун ар тараптан дарылоо ыкмаларын бизге айтып берди. Баарына белгилүү болгондой, Кыргызстан тоолуу ѳлкѳлѳрдүн катарында турат. Мунун кесепетинен кан басымы кѳтѳрүлгѳн бейтаптардын саны арбын. Бул ѳнѳкѳт оорунун күчѳп кетиши «ишемический инсульт» оорусуна алып келет. Инсульт деген эмне жана белгилери жѳнүндѳ дарыгер баарын түшүндүрдү.
Мисалы, дарыгер Жаңылмырза «Кайра калыбына келтирүү» бѳлүмүндѳ, физиотерапия бѳлмѳсү, массаж бѳлмѳсү (прессотерапия-дененин шишиктерин азайтат, денедеги ооруну басаңдатат ж.б жардамдары бар), кыймыл-аракетти калыбына келтирүү бѳлмѳсү невралогиянын ар кандай оорусуна жараша жардам кѳрсѳтүшѳѳрүн айтты.
Толук видеого шилтеме