ISM

ЭАЖММ

Байланыш

Пресс Релиз «Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда»

ПРЕСС РЕЛИЗ
«Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» 
аттуу эл аралык фестивалы

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик тили жѳнүндѳгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуп жаткан чет ѳлкѳлүк студенттер арасында 2021-жылдын 14-декабрында 17:30да Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестиваль ѳткѳрѳт. Фестивалга Индия Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын элчилери, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинен ѳкүлдѳрү, коомдук ишмерлер жана башкалар катышышат.  Фестивалдын максаты мамлекеттик тилди жайылтуу, улуттар аралык мамилени чыңдоо болуп саналат.  

    Фестивалга катышуучу жогорку окуу жайлар:
1.    Эл аралык жогорку медициналык мектеби;
2.    Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
3.    Ош мамлекеттик университети;
4.    К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети; 
5.    Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
6.    Кыргызстан эл аралык университети;
7.    Эл аралык “Ала-Тоо” университети;
8.    Салымбеков университети.

Дареги: А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (Ж.Абдрахманов к.167)
Күнү: 2021-ж., 14-декабры
Убактысы: 17:30да 

Кошумча маалымат үчүн 0701262663, Зайыркулова Р.Ж. 0555001636 Колкомбаева З.Ш. кайрылыңыздар!  
Сизди көрүүгө кубанычта болобуз!