ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

«Эки дарыгер» программасы

 “Өт жолундагы ташты, денеде из калтырбай операция жасоо…” “Эки дарыгер” программасы медицина тармагында кызыктуу жаңылыктарды издөөнүн үстүндө. Ошол максатыбыз бизди шаардын “Веданта” аттуу ооруканасына алып келди.  Бизде заманбап операциялар жасалбайт же адис жок, же болбосо аппараттар жок - деген кѳз караш элибизде калыптанып калган. 

Ал эми, ЭРХПГ (Эндоскопическая ретроградная холангиопанкреатография) деген операциянын түрүн уктунуз беле? Эгер түшүндүрѳ кетсек, бул негизинен, өт жолдорун жана уйку безинин каналдарын радиопакалдуу (рентгеноконтрастное) текшерүү жана өт менен уйку безинин каналдарын текшерүүгө жана керектүү дарылоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берген медициналык процедура. Изилдөө учурунда эндоскоп (учунда камерасы бар ийкемдүү оптикалык түтүк) ооздон жана кызыл өңгөч аркылуу ашказанга, андан ары он эки эли ичегиге киргизилет. Он эки эли ичегиде өт жолдорунун оозу (сосочек) изделет, ал аркылуу өт жолдоруна же уйку безинин каналына контраст агенти берилет, бул рентген нурлары аркылуу бул түтүкчөлөрдөгү өзгөрүүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет.

Бул ЭРХПГ менен бейтапка кандай жардам кылууга мүмкүн? Андан ары дарылоо процедурасынын  керек болсо, өт жолдорунан таштарды алып салууга, өттүн агымын камсыз кылуу үчүн стенттерди орнотууга, ал эми тар болсо, өт жана уйку безинин каналдарын кеңейтүүгө болот. Эгерде шишик бар деп шектелсе, анда кичинекей ткандардын үлгүлөрүн алууга болот.   Адатта, текшерүү болжол менен 30 мүнөткө созулат, бирок анатомияга, текшерүү учурунда пайда болгон диагнозго же медициналык процедуранын зарылдыгына жараша текшерүүнүн узактыгы көбөйүшү мүмкүн.

Дарыгер Талант Бекдайырович   Саламакуновдун  айтуусунда: “акыркы 2 жылдан бери Кыргызстан үчүн жаңы, бирок дүйнө үчүн көнүмүш болгон ЭРХПГ (эндоскопическая ретроградная холангиопанкреатография) операциясы ийгиликтүү жасалууда…”, башкача айтканда жогоруда айтылган бардык диагностикалык, дарылоо үчүн  бул ыкманы колдонулуп жатканын  белгиледи. Азырынча, ЭРХПГ ыкмасы жалгыз Бишкек шаарынын «Веданта» ооруканасында колдонулууда. «Эки дарыгер» программасынын жамааты Кыргыз Республикасынын медицинасынын ѳнүгүүсүнѳ жана жаш дарыгерлердин  жаңы ачылыштарга болгон кадамдарына  ийгилик каалайт.