ISM

ЭАЖММ

Байланыш

«Эки дарыгер» программасы

«Эки дарыгер» программасы Бишкек шаарындагы, Кыргызстан боюнча  алгачкылардан болуп ачылган  «Адамдын генетикалык лабораториясына келдик.  Медицина күндѳн-күнгѳ ѳнүгүп, адамдын өмүрүнүн сапатын чыңдоо мезгили. Биздин мамлекетте да, медицина ѳкүлдѳрү жаңы кадам шилтѳѳ менен жаңы ыкмаларды, аппараттарды бизге алып келүүдѳ. 

 

 

Кыргызстанда тукум кууган оорулардын түрлѳрү аз эмес, бул оорулар менен күрѳшүү профилактиканы/алдын алуу   иштерин күчѳтүү зарыл. Лаборатроиядан Арген Алымкулов (Эл аралык жогорку медицина мектебинин илимий-аналитикалык бѳлүмдүн адиси) менен маектештик. - Бул лаборатория алдын ала генетикалык жактан бузулуунун натыйжасында пайда болгон ооруларды, кош бойлуу энелерден аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет (мисалы, синдром Дауна, Дюшена ж.б). Генетикалык жактан бузулган ооруларды кантип пайда болоорун түшүндүрүп кетсем: адамда 46 хромосомасы бар, 23 атасынан жана 23 апасынан. Эгер хромосоманын саны 45 же 47 ж.б. болсо, органдар туура эмес иштей баштайт, баланын ѳсүү процесси физиологиялык жана психологиялык жактан бузулат. «Адамдын генетикалык лабораториясында» кош бойлуу аялдын жатынында жаткан, бала тонундагы суюктукту алып, изилдѳѳ жүргүзѳт, хромосоманын санын эсептейт, бала туура ѳсүп жатабы ж.б. у.с. маселердин айланасында иш алып барат. Лабораторияда профилактика/алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз, бала кандай тѳрѳлѳт?- деген суроого жооп бере алабыз. 

 

Бул ыкма колдонуу менен чет ѳлкѳлѳргѳ баруунун кажети четтетилет, ѳзүбүздүн жерибизде, шаарыбызда келечекти изилдѳѳгѳ, бизге мүмкүнчүлүк берилди. «Эки дарыгер» программасынын жамааты эмне демекчи: Кыргызстандын медицинасы ѳнүгѳ  берсин, жаш муундар алдыга умтула берсин! 

Эфирди толугу менен «Эки дарыгер» Ютуб баракчасынан кѳрѳ аласыздар.