Республикалык «Манас таануу» телетаймашында Эл аралык жогорку медициналык мектеби «Дүбүрт» номинациясынын ээси
Республикалык «Манас таануу» телетаймашында Эл аралык жогорку медициналык мектеби «Дүбүрт» номинациясынын ээси
Кыргыз Республикасынын «Манас» эпосу жѳнүндѳгү 2011-жылдын 28-июнундагы №59 Мыйзамынын негизинде эпосту жайылтуу, ѳркүндѳтүүнү натыйжалуу камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы жогорку окуу жайлар арасында ѳткѳрүлдү.
Телетаймашка Эл аралык жогорку медициналык мектебинин Мохаммед Ашраф, Муиз Ибрахим, Комал Датахонде, Мадхумита Бункар аттуу студенттеринен түзүлгѳн «Давагер» тобу жигердүү катышуу менен «Манас» үчилтиги боюнча билимдерин тартуулашты.
Бул «Манас» үчилтигинин эл аралык деңгээлде жайылып, окулуп жатышынан жана улуттар аралык ынтымактан кабар берип турат. Конкурстун жыйынтыгы менен биринчи жолу «Манас таануу» телетаймашына катышкан ЭАЖММнын чет ѳлкѳлүк студенттери «Дүбүрт» номинациясына ээ болушту.
(Сүрѳт, видеолор кетет)