ISM

ЭАЖММ

Байланыш

Студенттик олимпиада

13- ноябрь 2024-жылы Хирургиялык оорулар кафедрасынын базасында 7-семестрдин студенттеринин арасында студенттик Олимпиада болуп өттү. Олимпиадага 10 команда катышып, ар бир командада 4 катышуучу болду, жалпысынан 40 студент катышты. Олимпиаданын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен проф., м. и. д., ЭАЖММ биринчи ректору – Чынгышпаев Шамиль М., Хирургиялык оорулар кафедрасынын башчысы м.и. к., доцент – Ермеков Турар А. жана ХО кафедрасынын окуу бөлүмүнүн башчысы, м. и. к. – Айсаев Азиз Ю. кайрылышты.

Олимпиада 4 тапшырмадан турду:

  1. хирургиялык түйүндөрдү токуу,
  2. десмургия-таңуу,
  3. тигүү,
  4. тесттик тапшырмалар.

Калыстар тобуна хирургиялык оорулар кафедрасынын окуутучулары: А.А. Матмуратов, Е. М. Ермеков, З. С. Мамбеткалиева, Б. А. Осмонов, Т. Х. Алиев, А. Б. Шадыканов, Э. Т. Калыгулов, Б. З. Рыспеков, Ж.Т. Момуналиев катышты. Хирургиялык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча студенттер ар бир тапшырма боюнча жекече хирургиялык жөндүмдөрүн жана билимин мыкты көрсөткөндүгү үчүн бааланышты. Хирургиялык олимпиаданын уюштуруучусу ХО кафедрасынын окуутучусу Анарбаева А. А. болду.