ISM

ЭАЖММ

Байланыш

Мамлекеттик тил - дарыгерлерде

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде “КР мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамынын кабыл алынгандыгын 33 жылдыгына карата мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү боюнча бир айлык иш-чаралар «Мамлекеттик тил менин кесибимде» деген аталышта өттү.  Бир айлыктын алкагында                 ЭАЖММда  «Кыргызстан чет элдик студенттердин кѳз карашында»  аталыш менен кыргыз тил декадасы Гуманитардык сабактар кафедрасында жыйынтыкталды.  Жумалыктын алкагында студенттердин арасында төмөнкү 4 номинация боюнча конкурстар болду:
1.    Кыргызстан чет элдик студенттердин көзү менен деген темада сүрөт конкурсу.
2.    Кыргыз акындарынын ырларын көркөм окуу конкурсу.
3.    Кыргыз бийлерин бийлөө конкурсу.
4.    Кыргыздын обондуу ырларын аткаруу конкурсу.
Конкурска абдан көп студент катышты. Ар бири өздөрүнүн талантын, өнөрлөрүн көргөзүштү. Мына ушул жумалыкты жыйынтыктоо иретинде 13-октябрда фестиваль өткөрүлдү. Конкурста алдынкы орундарды алган таланттуу студенттердин аткаруусунда жыйынтыктоочу концерт болду. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
          Фестивалга конок катары КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Орозобекова Ж.К. катышып, Гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы Нурия Алымкулованы «Кыргыз тили» төш белгиси жана кафедранын кыргыз тили окутуучусу Мукаш уулу Таласбек, Ысык-Кѳл кампусунун кыргыз тил окутуучусу Жумабекова Бурул Ардак грамота менен сыйланышты.
           ЭАЖММда мамлекеттик тилде иш-кагаздарын алып барууга жана мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүгѳ салым кошкон окутуучу-дарыгерлерге ректор Стальбек Медерович Ахунбаев тарабынан сый акылар берилди. 
         Сыйлыктар кут болсун! Мамлекеттик тилибиз ѳнүгүүнүн үстүндѳ болсун!