ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Victims of repression

1938-жылдын 5, 7, 8-ноябрь күндөрү Чоң-Таш айылынын айланасында Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн мамлекеттин көрүнүктүү ишмерлери: Жусуп Абдрахманов, Мурат Саалихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Иманаалы Айдарбеков жана башка ушу сыяктуу 130 чыгаан инсандардын өмүрлөрү кыйылган. 

Кыргыз элинин мыкты уулдары менен бирге Чон-Ташта орус, украин, уйгур жана башка 55 улуттун өкүлдөрү курман болгон. 1937-1938-жылдары  Кыргызстанда 40 миңдин айланасында адам репрессияланып атылган. Алардын ичинде аскер кызматкерлери, юристтер, медиктер, кыскасы кайсы кесиптен кимиси тың болуп баратса, ошолорду тазалап турушкан. Булардын ичинде кыргыздын улуу кардио-хирургу Иса Ахунбаев дагы болгон. Аны түрмөгө камаганда ал 28-жашта болчу. 7-8 ай түрмөдө отуруп далил таба алышпай, бошотууга мажбур болушкан.