ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

«Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери»  аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун отуруму

2022-жылдын 16-декабрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу максатында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жыйындар залында  «Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун отуруму болуп өттү.

 

Бул отурумга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы – Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы – Ибраимова Гүлнара Үмөтбековна, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору – Мусаев Абдылда Инаятович, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Орозобекова Жылдыз Калмашевна, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин диретору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна жана Жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, ЖМК өкүлдөрү катышты. Жогорку окуу жайындагы мамлекеттик тилдин абалы жана мамлекеттик тил проректорлорунун ишмердүүлүгү тууралуу баяндамалар угулду. 

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Орозали Жаанбаевич Узаков - «Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде мамлекеттик тилдин бүгүнкүсү жана келечеги» аттуу баяндама жасады.