ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

"Талант" көркөм чыгармачылык клубунун максаттары:

1. Маданий иш чараларды уюштуруу:

  • Эл аралык жогорку медициналык мектебинин билим берүү чөйрөсүн колдоо максатында түрдүү маданий иш- чараларды   өткөрүү;
  • Эл аралык жогорку медициналык мектебинин атын Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө да жайылтуу.

2. Окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүү:

  •  Студенттердин  чыгармачылык потенциалын  аныктоо  жана өнүктүрүү  үчүн шарттарды түзүү;
  • Студенттердин  чыгармачылык  жетишкендиктерин жайылтуу максатында ар кандай фестивалдарга,  сынактарга катышуусун күчөтүү.

Вазийпа:

Студенттердин бош убактысын жана сабактан тышкаркы иш-чараларын уюштурууга басым жасоо менен:

  • Студенттер арасында  чыгармачылык активдүүлүктү  калыптандырууга көмөктөшүү.
  • Студенттердин көркөм жана чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу жана шыктандыруучу чөйрөнү түзүү.
  • Эл аралык жогорку медициналык мектебинин студенттеринин чыгармачылык жетишкендиктерин колдоо жана жайылтуу.