ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Учебный и морфологический центр МВШМ

ЭAЖММынын борбордук кампусунан алыс эмес жерде морфологиялык борбор жайгашкан. Бул жерде макро жана микро анатомия, коомдук саламаттыкты сактоо кафедралары жайгашкан. ЭAЖММынын бул имаратында нормалдуу анатомия, системалуу анатомия, топографиялык анатомия, базалык гистология, системалуу гистология, эпидемиология, айлана-чѳйрѳ гигиенасы, микробиология, биоэтика, коомдук саламаттыкты сактоо, медицина тарыхы, биостатистика жаатындагы практикалык сабактар ѳтүлѳт.
 
Кампус кѳптѳгѳн жакшы жабдыктар менен жабдылган дарсканалардан жана лабораториялардан турган чоң заманбап имарат. Бул жерде анатомирдѳѳ жана практикалык манипуляция жүргүзүлѳт. Имараттын ички короосунда лабораториялык изилдѳѳлѳр үчүн орунжай бар.
 
Бул кампуста анатомия музейи, анатомирдѳѳ бѳлмѳсү, экзамен берүүчү компьютердик класс, китепкана жана ресурстук борбор жайгашкан.