ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Иссык-Кульский кампус МВШМ

Ысык-Кѳл кампусу ЭAЖММынын структуралык түзүмдүк бѳлүмү болуу менен Чолпон-Ата шаарында, Ысык-Кѳл кѳлүнүн жээгинде жайгашып, ЭAЖММынын борбордук кампусунда жайгашкан бѳлүмдѳр менен тыгыз байланышта ишмердүүлүктү жүргүзѳт. Студенттер «Жалпы медицина» адистиги боюнча 3 жылдык билим алышат жана 6 семестрди бүтүү менен борбордук кампуста окууну улантышып, MD даражасын ( «жалпы практика дарыгери» адистигинин дипломун) алышат.
 
Ысык-Кѳл кампусунун  административдик имараты Чолпон-Ата калаасынын борборунда «Веданта» клиникасынын филиалында жайгашкан. Профессор-окутуучулар Ысык-Кѳл районунун медициналык мекемелери (Борбордук аймактык ооруканасы, Үй-бүлѳлүк медицина борбору жана «Кѳгүлтүр Ысык-Кѳл» реабилитациялык борбору) менен тыгыз кызматташат.
 
Негизги медициналык предметтер болгон терапия, пропедтерапия, педиатрия, кардиология, медайым иши, гистология, фармакология, патология, анатомияны Борбордук аймактык ооруканада жана «Веданта» клиникасында үйрѳнүшѳт жана тажрыйбалашат.
 
Кампустун  инфраструктурасы кампуста студенттер үчүн жайлуу жана коопсуз шарт түзүлгѳн. Кампустун дарсканалары эффективдүү окуу үчүн бардык керектүү окуу материалдары менен камсыздалган. Кампуста кафе, машыгуу залы, кинотеатр, студенттик клуб бар.