Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ПАТОЛОГИЯЛЫК ФИЗИОЛОГИЯ

 

Патологиялык физиология - ар кандай медициналык билим берүү тутумундагы жана ар кандай адистиктеги дарыгердин практикасындагы негизги сабактарынын бири.

 

Патологиялык физиология оорунун өнүгүшүнүн мүнөздүү себептерин жана механизмдерин изилдейт. Патологиялык физиологиянын негизги бөлүгү - оорунун мүнөздүү органикалык курамдык бөлүгү болгон патологиялык процесстерди изилдөө болуп саналат. Зыяндуу факторлордун таасирине кабылганда, адамдын организминин органдарында жана тутумдарында кандай өзгөрүүлөр болору жөнүндө так билими болбосо, оорунун маңызын терең түшүнүү мүмкүн эмес. Типтүү патологиялык процесстердин өнүгүү себептерин жана механизмдерин билүү менен, болочок дарыгер оорунун ар кандай белгилери менен көрүнүштөрүнүн келип чыгышын туура баалап, демек, туура диагноз коё алат. Дарыгерге органдардагы жана тутумдардагы жаракаттанууда, ылайыкташуу-компесатордук механизмдерин үйрѳнүү маанилүү жана келечектеги дарыгерге андан ары компенсатордук механизмдерди стимулдаштырууга жана механизмдердин бузулушун болтурбоого жардам берет.