Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

КАРДИОХИРУРГИЯ ЖАНА ООРУНУ АНЫКТООНУН ЖАНА ДАРЫЛООНУН ИНВАЗИВДИК УСУЛДАРЫ - (ЭЛЕКТИВДИК КУРС)

 

«Кардиохирургия жана ооруну аныктоонун жана дарылоонунун инвазивдик усулдары» курсу ЭAЖММынын жогорку курстарынын студенттери үчүн милдеттүү окутулат. Баштапкы курстарда студенттер клиникалык дисциплиналарды окуу үчүн базалык билимдерди алышкан. Анатомия жана патологиялык анатомия, физиология жана патологиялык физиология, ыкчам хирургия жана топографиялык анатомия, медиктер арасындагы профессионалдык коммуникациянын негиздери, деонтология жана башка билимдер жүрѳк-кантамыр тутумунун ооруларын аныктоодо, аныктоону коюуда, алдын-алууда жана дарылоодо оорулардын маңызын түшүнүүдѳ билүү негиз болуп саналат.

 

Жүрѳк-кантамыр оорулары кѳп учурда ооруга чалдыгуунун, эмгекке жѳндѳмдүүлүгүн жоготуунун жана ѳлүмдүүлүктүн факторун аныктайт. Жүрѳк-кантамыр тутумунун оорууларынан ѳлүмдүн кѳп болушу, дүйнѳ жүзү боюнча биринчи орунда турат. Ѳз убагында кардиохирургиялык жана инвазивдик усулдар менен дарылоо медицинанын бир топ ѳнүккѳн тармагы болуу менен аны практикалык медицина ишмердүүлүгүндѳ колдонуу, бейтаптардын жүрѳк-кантамыр тутумунун оорулары менен тѳрѳлгѳн жана кийин пайда болгон оорулары менен жашап кетишинин жогорулашына жардам берүүдѳ. Жогоруда айтылгандардын негизинде, студенттер «Дарылоо иши» курсунда, айтылган тармак боюнча билим алууда, алган усулдарын жүрѳк-кантамыр тутумунун ооруларын дарылоонун консервативдик усулдар терапиясы менен бирдикте колдоно алышат.

 

«Жалпы медицина» адистигинин студенттери үчүн

 

Жалпы жүктѳмдүн саны: 72 саат

Аудитордук сабактар: 36 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 36 саат

Семестр: 10 саат

Жыйынтык текшерүү: зачет