ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

"Алыкулду окуйбуз"

12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата заманыбыздын залкар акыны Алыкул Осмоновго арналган "Алыкулду окуйбуз" аттуу Кыргыз жана коңшулаш республикалардын поэзия сүйүүчүлөрүнүн эл аралык кароо-сынагы Бишкек Гуманитардык Университети тарабынан уюштурулду. Кароо-сынакка ЭАЖММнын  Ысык-Көл кампусунун студенттери катышып, диплом, сертификаттар менен сыйланышты.

Студенттерди декандын орун басары -Сагындык кызы Венера жана кыргыз тили мугалими - Жумабекова Бурул даярдашты. Студенттер Алыкулдун акыркы 5 жылдык өмүрүн өткөргөн Чолпон-Атадагы үйүнө барып, жазуучунун баскан жолу, ырлары,котормолору  тууралуу маалымат алышты. 3-семестр 2-группанын студенти Асрар Шаикх "30 жаш" ырын обондуу ырдады, 5-семестр 43-группанын студенти -Атик Латиф "Ысык-Көл" ырын көркөм окуду, 3-семестрдын 9- группасынын 5 студенттери Алыкулдун ырларын : Huzaifah – urdu, Samir – hindi, Supriya – kannada, Vamshi – telugu, Shalika - malayalam тилде которуп, көркөм окушту.